БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет 22-декабрга чейинки өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
15-17-декабрларда республикада туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Борбор калаа Бишкекте 15-17 жана 20-21-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлүүдө.
Чүй, Талас
15-16-декабрда көпчүлүк жерлерде кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Андан соң күн ачылып, 20-декабрдан тарта кайрдан кар жаайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Республиканын түштүк аймактарында дагы апта жаан-чачындуу башталып, көпчүлүк жерлерде кар жаайт. 17-19-декабрда күн ачык болот. Бирок 20-21-декабрда күн бүркөлүп, кайрадан жаан, кар жаашы күтүлүүдө.
Ысык-Көл менен Нарын
15-16-декабрда көпчүлүк жерлерде кар жаашы күтүлөт. 17-18-20-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.