16-декабрга карата аба ырайы

16-декабрга караган түнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир учурларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. 16-декабрь, дүйшөмбүдө, күндүн биринчи бөлүгүндө көпчүлүк аймактарда, экинчи жарымында айрым жерлерде кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө -4...-9, Талас жергесинде -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...-5 градус, ал эми Ысык-Көл аймагында -1...-6, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус суук болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында түнкүсүн, эртең менен кар жаап, Бишкекте -4...-6, Ошто 0...-2 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон ачылды. Видео