Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мыйзамдык актылардын жыйнагы менен камсыздайтКыргызстан 10 айда миллиард доллардан ашык акчага алтын экспорттодуБишкек – Ош унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. ӨКМ айдоочуларды сак болууга чакыратБишкек – Ош жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрдан 16-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кыргызстан 2024-жылдын 10 айында 13 тонна 836,6 килограмм алтын экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын жалпы суммасы 1 миллиард 64,4 миллион долларды түзөт. Сатып алган өлкөлөр: Улуу Британия — 11 тонна 3,1 килограмм; Гонконг (Кытайдын атайын административдик району) — 1 тонна 848,5 килограмм; Швейцария — 971,5 килограмм; БАЭ — 13,5 килограммдан ашык. Өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан 12 тонна 886,2 килограмм алтынды 805,5 миллион долларга экспорттогон. 2023-жылы алтындын дүйнөлүк баасы төмөн болчу.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештердин 6 миң 384 депутатынын ар бирине усулдук жардам көрсөтүү үчүн ченемдик укуктук актылардын жыйнагын берет. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын өзгөчө ролун жана алардын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн мыйзамдардын негизинде түшүнүү менен, ар бир депутатка негизги мыйзам актыларын камтыган ченемдик укуктук актылардын жыйнагы берилет. Ошондой эле бүткүл республика боюнча жергиликтүү кеңештер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тексттери менен камсыздалат.
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев облустун аймактарынан шайланган III Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту. Өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар аймактарда аткарылган иштерди көрүп, таанышып чыгышты. Делегаттар жаңыдан курулган Өзгөн айланма жолун жана Кара-Суу районунда “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борбору сыяктуу бир катар ири өнөр жай ишканаларында болушту. Андан соң Ош шаарына келишип, Ош облусунун башчысы менен жолугушту. Делегаттарга алгач Ош облусунун аймагында 2024-жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча видеоролик көрсөтүлүп, Эльчибек Джантаев 2025-жылга пландалган ири долбоорлор боюнча баяндап берди. Соңунда Ош облусунун аймактарынан шайланган III Элдик Курултайдын делегаттары облуста жасалган иштерге оң баасын беришип, алдыда өтө турган Курултай ийгиликтүү болушун каалашты.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 95 тыйынга евро 91 сом 3 тыйынга рубль 83 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ16-декабрга караган түнү айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир учурларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-декабрь, дүйшөмбүдө күндүн биринчи бөлүгүндө көпчүлүк аймактарда, экинчи жарымында айрым жерлерде кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө -4...-9, Талас жергесинде -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...-5 градус, ал эми Ысык-Көл аймагында -1...-6, Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус суук болот. Борбор калаада жана Ош шаарында түнкүсүн, эрте менен кар жаап, Бишкекте -4...-6, Ошто 0...-2 градуска чейин суук болору болжолдонду.