Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Бишкекте автоунаа электр мамыга урунуп, Пакистандын эки жараны көз жумдуАйдоочулук күбөлүк алуу сынагына сурдокотормо киргизилдиӨлкөдө мамлекеттик жөлөкпул алгандардын саны азайды алдыда кененирээкКыргызстанда үстүбүздөгү жылдын декабрынан тарта угуусу начар адамдар үчүн айдоочулук күбөлүк алуудан теориялык экзаменде сурдокотормо жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, угуусу начар курсанттар экзамендин теориялык бөлүгүн кесипкөй сурдокотормочунун жардамы менен видео аркылуу тапшыра алышат. Бул аларга маалыматты оңой кабыл алууга жана жол кыймылынын эрежелери боюнча билим сынагынан ийгиликтүү өтүүгө жардам берет. Экзамендин бардык баскычтарында сурдокотормо берилет, анын ичинде нускамалар жана суроолорго жооп берилет. Белгилей кетсек, бул кадам агенттик менен “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин кызматташуусунун натыйжасында мүмкүн болду.
Кыргызстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөк пулун алгандардын саны азайган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, эгерде өткөн жылы социалдык жардамдын бул түрүн 83 824 аз камсыз болгон үй-бүлө алса, быйылкы жылы алардын саны 66 265 үй-бүлөнү түзгөн. Ага ылайык, ай сайын мамлекеттен 1,2 миң сомдук жөлөкпул алып турган балдардын саны да азайды – өткөн жылдагы 284 794 баладан быйылкы жылдын аягында 231 691 балага чейин. Ошентип, алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 17 559 үй-бүлөгө азайган.
Бишкекте автоунаа электр мамыга урунуп, Пакистандын эки жараны көз жумду. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн таңга маал 6:45 чамасында "Мадина" базарынын тушунда болгон. "BMW айдоочусу 7-Апрель көчөсү менен түндүк тарапты көздөй катуу баратып, рулду башкара албай жолдон чыгып, аялдамадагы электр мамыны сүзгөн. Катуу урунган автоунаа экиге бөлүнүп кеткен. Ичиндегилердин экөө ошол жерден көз жумса, үчөө ооруканага жеткирилгени айтылды. Бирөөнүн абал оор", — деп айтылат маалыматта. Авунаада Медициналык академияда окуган Пакистандын беш жараны болгону кошумчаланды.
Түштүк Кореянын парламенти президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаганын РИА Новости жазды. Ага ылайык, мамлекет башчыны кызматтан четтетүү үчүн 204 депутат добуш берсе, 85и каршы болду. Эске салсак, декабрдын башында Юн Сок Ёл Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн аскердик абал киргизилгенин жарыялаган. Армия жана полиция президенттин тапшырмасы менен депутаттарды камоого, Боршайкомдун имаратын басып алып, аткаминерлердин телефонун тартып алууга аракет кылышкан. Кийинчерээк өлкө парламенти президент киргизген аскердик абалды алып салууга добуш берген. Оппозиция Юнду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Түштүк Кореянын президентинин милдетин убактылуу премьер Хан Док Су аткарып турары кошумчаланды.