Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Футзал боюнча Кыргызстан — Россия жолдоштук беттештердин алгачкылары жыйынтыкталдыБатыштын провокацияларына каршы. Грузияда жаңы президент шайландыСадыр Жапаров жарыктын өчүрүлүшү боюнча комментарий берди, алдыда кененирээекПрезидент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, электр энергиясы менен газ тартыштыгы боюнча суроолорго жооп берди. Өлкө башчынын кебинин урунтуу учурлары: 2020-жылы биз бийликке келгенде кышкысын 3 млрд кВт. саат электр энергиясына тартыштык бар болчу. Эки жылдан бери ГЭСтерди, шамалдан, күндөн алуучу энергетика булактарын массалык түрдө салып жатабыз. Ошентсек да ортодогу ажырымды кубалап жете албай жатабыз. Чоң кубаттуулуктагы завод-фабрикалар да ишке кирип, керектөө өстү; электр энергиясы бизде арзан. Өздүк наркы 2,72 болсо, элге 1 сом 10 тыйындан сатып жатабыз. Элибиз да кайдыгер болуп жатат. Арзан деп эле, электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай жатат. Бөлмө ичиндеги жарыкты кереги жок учурда өчүрүп турушпайт. Ар бир күйүп турган свет үчүн Токтогул суу сактагычынан суу кетип жатат. Ошондуктан светти үнөмдүү пайдалангылачы, деген өлкө башчы
Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы кыйылган теректер муктаждарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге караганда, отун алуу үчүн каалоочулар 25-декабрга чейин райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.Мындан тышкары, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөт. Муниципалитет буга чейин социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз үй-бүлө отун алышканын кошумчалады. Эске салсак, мэрия Чыңгыз Айтматов көчөсүн бойлой тигилген теректердин мөөнөтү аяктап, ооруп, көркү кеткенин айтып кыйган. Шамал болсо унаалардын, жүргүнчүлөрдүн үстүнө түшүү коркунучу бар деген да жүйө келтирген.
Кечээ, 14-декбарда, Кыргызстан менен Россиянын футзал боюнча курамаларынын беттештери жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациядан билдиришти. Маалыматка ылайык, беттештер борбор калаадагы Кыргыз футбол бирикмесинин Улуттук академиясынын жаңы спорткомплексинде өткөн. Жыйынтыгында Кыргызстандын эркектер курамасы 3:1 эсебинде, кыз-келиндер командасы 13:0 эсебинде жеңилип калды. Бүгүн дагы бирден беттеш өтөт.
Россия өлкөнүн биримдигине доо кетирүү, улуттук же диний оюндарды уюштуруу аракеттерине катуу бөгөт коет. Бул тууралуу президент Владимир Путин билдирди. Өлкө башчысы “Единая Россия” партиясынын курултайында сүйлөдү.“Россия бардык фронттордо жооп кайтарууга даяр. Эч кандай шантаж же бизди токтотуу аракети ишке ашпайт. Россия өзүнө ишенет. Ал өзүнүн туура багытта баратканын жана күчтүү экенин сезет”, - деди Путин.
Михаил Кавелашвили Грузиянын алтынчы президенти болуп шайланганын РИА Новости жазды. Ал шайлоочулар коллегиясындагы 300 адамдын ичинен 224 добуш топтогон. Мыйзам боюнча, добуш 200дөн ашык болушу керек. Өнөктүккө Кавелашвили гана катталган. БШК төрагасы аны жаңы тандалган президент деп расмий жарыялады. Кавелашвили буга чейинки парламенттик шайлоодо жеңген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты жана мурда футболист болчу.Белгилей кетсек, Грузия парламенттик мамлекет. Президент анда өкүлчүлүк милдетти гана аткарат, чыныгы бийлик премьер-министрде.