Улуттук банк кечээ 51 млн. доллар сатты. Курс кандай өзгөрдү?

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кечээ, 13-декабрда, Улуттук банк валюта рыногунда 51,7 миллион доллар сатты.
Бул — Улуттук банктын декабрдагы экинчи интервенциясы. Дүйшөмбүдө башкы банк 88 миллион доллар саткан.
Эске салсак, башкы банк валюта курсунун чайпалуусун алдын алуу үчүн доллар сатат жана сатып алат.
Жума күнкү маалыматка салыштырмалуу доллардын орточо сатуу курсу 20 тыйынга жогорулады. Банктарда 87,35 сом, акча алмаштыруучу жайларда 87,4 сом.
Жыл башынан бери Улуттук банк бул валютаны 14 жолу (369 миллион 850 миң доллар) сатып алып, 12 жолу (622 миллион 500 миң) саткан.
Кыргызстандын карызынын көбүн Россия кечкен. Инфографика