БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын парламенти президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаганын РИА Новости жазды.
Ага ылайык, мамлекет башчыны кызматтан четтетүү үчүн 204 депутат добуш берсе, 85и каршы болду.
Эске салсак, декабрдын башында Юн Сок Ёл Түндүк Кореяны колдогон күчтөрдү тазалоо жана либералдык конституциялык түзүлүштү сактоо үчүн аскердик абал киргизилгенин жарыялаган.
Армия жана полиция президенттин тапшырмасы менен депутаттарды камоого, Боршайкомдун имаратын басып алып, аткаминерлердин телефонун тартып алууга аракет кылышкан. Кийинчерээк өлкө парламенти президент киргизген аскердик абалды алып салууга добуш берген.
Оппозиция Юнду бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыптаган.
Түштүк Кореянын президентинин милдетин убактылуу премьер Хан Док Су аткарып турары кошумчаланды.