БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жакында курула турган Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун картасын "Атбашы" эл аралык соода-логистикалык борбордо көрсөтүштү.
Курулуш иштери декабрдын аягында башталары күтүлүүдө.
Картадан логистикалык борбордун өзүн жана Барскоон — Учтурфан — Аксу автожолунун маршуртун көрүүгө болот.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанда биргелешкен долбоордук компания түзүлгөн. Андагы үлүштүн 51 пайызы Кытайга, 24,5 пайызы Кыргызстан менен Өзбекстанга тиешелүү болот. Тараптар долбоорлоо, сатып алуу, куруу жана башка ири иштер үчүн КЭРдин жоопкерчилигин макулдашты.