БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда салттуу "Мурас" достук футбол турнири өтүп жатканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мелдешке президенттин администрациясы, аткаминерлер, депутаттар, маданият, банк кызматкерлери журналисттер, дин, сот өкүлдөрүнөн турган 16 команда катышууда.
Мамлекет башчы кезектеги турнирдин башталышы менен куттуктап, алты жыл ичинде оюндун масштабы кыйла өскөнүн белгиледи.
"Биринчи-экинчи оюндарда президенттин командасы 1-орунду берчү эмес эле, акыркы убактарда 4-орунга түшүп калды. Бул дагы жакшы нерсе. Башталганда жакшы чуркай албаган аксакалдарыбыз, балдарыбыз бар болчу. Алардын деңгээли бүгүн кыйла өстү. Оюндардын маанилүүлүгүн унутта калтырбай, улап кете берели. Биз жаштарыбызды, эл-журтубузду спортко үндөп, чакырышыбыз керек", — деген Жапаров.
Турнир жакында эле Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында жана "Газпром-балдарга" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтүп жатканы кошумчаланды.
Оюндарды УТРК Спорт жана ЭлТР каналдары түз алып көрсөтүүдө.