БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Россия өлкөнүн биримдигине доо кетирүү, улуттук же диний оюндарды уюштуруу аракеттерине катуу бөгөт коет. Бул тууралуу президент Владимир Путин билдирди.
Өлкө башчысы “Единая Россия” партиясынын курултайында сүйлөдү.
“Россия бардык фронттордо жооп кайтарууга даяр. Эч кандай шантаж же бизди токтотуу аракети ишке ашпайт. Россия өзүнө ишенет. Ал өзүнүн туура багытта баратканын жана күчтүү экенин сезет”, - деди Путин.