Эсеп палатасы Мамкурулуштан 1,4 млрд. сомдук мыйзам бузуу аныктады

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Эсеп палатасы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен 1 миллиард 404 миллион 238 миң сомдук мыйзам бузуу аныктады.
2022-2023-жылдарга аудит агенттиктин борбордук аппаратында, ведомстволук бөлүмдөрүндө, облустук капиталдык курулуш башкармаларында, шаар куруу жана архитектуранын аймактык башкармалыктарында жүргүзүлдү. Аталган сумманын 505,267 миллион сому кайтарылууга тийиш. Аудиттин жүрүшүндө 261,098 миллиону өндүрүлгөн, 244,169 миллиону кайтарылбай калган.
Каржылык мыйзам бузуу мыйзамдардын сакталбаганынан жана башкаруудагы кемчиликтерден улам келип чыкканын Эсеп палатасы белгиледи.
Сот Райым Матраимовго 100 миң сом айып салуу өкүмүн чыгарды