Кыргызстанда даярдалган сүт азыктарынын көпчүлүгү Казакстан менен Россияга экспорттолот. Бул тууралуу Тилек Табалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сүт азыктары үчүнчү өлкөлөргө да жөнөтүлөт, бирок аз көлөмдө.
"Кыргызстандан сүт азыктары көбүнчө Казакстан менен Россияга экспорттолот. Сүт азыктарынын ичинен кургатылган сүт, быштак, балмуздак, курут, каймак көп көлөмдө кетет. Жалпы көлөм тууралуу кеп кылсак, Кыргызстан туруктуу түрдө 30 миң тоннадан жогору экспорттойт. Быйыл 10 айда бул көрсөткүч 28 миң тоннаны түздү. Эң көп көлөмдө Россияга андан соң Казакстанга жөнөтүлөт. Үчүнчү өлкөлөрдөн Өзбекстан жана АКШга азыраак экспорттолот. Өлкөдө жалпы сүт азыктарын өндүргөн 85 ишкана катталган. Анын ичинен 40 ишкана туруктуу иш жүргүзөт. Калган 45 ишкана балмуздак, курут сындуу мезгилдик азыктарды чыгаргандыктан жыл бою иштебейт", — деди Тойчуев.
Ошондой эле ал туруктуу иштеген ишканалардын ичинен 20 завод сүт азыктарын экспортко чыгарарын кошумчалады.