БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы кыйылган теректер муктаждарга, аз камсыз үй-бүлөлөргө берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, отун алуу үчүн каалоочулар 25-декабрга чейин райондук администрацияларга арыз менен кайрылса болот.
Мындан тышкары, "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына жардам катары отун бөлөт.
Муниципалитет буга чейин социалдык өнүктүрүү департаментинин каттоосунда турган 163 аз камсыз үй-бүлө отун алышканын кошумчалады.
Эске салсак, мэрия Чыңгыз Айтматов көчөсүн бойлой тигилген теректердин мөөнөтү аяктап, ооруп, көркү кеткенин айтып кыйган. Шамал болсо унаалардын, жүргүнчүлөрдүн үстүнө түшүү коркунучу бар деген да жүйө келтирген.