15-декабрга карата аба ырайы

15-декабрда республика аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жекшембиде күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +3…+8, Талас менен Ысык-Көл аймагында +2…+7, Ош, Жалал-Абад облустарында +6…+11, Баткенде +5…+10 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде 0…-5 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +8…+10 градуска көтөрүлөт.
Шашылыш билдирүү: дем алыштан тарта аба ырайы бузулуп, күн сууктайт