БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте дүйнөлүк алакалардын Россиянын катышуусуз талкууланышы кооптуу экендигин Брюсселде өткөн конференцияда айтты.
Кеп Украина маселелери, тагыраагы, тынчтык сүйлөшүүлөр боюнча талкуунун Россиясыз жүрүшү туурасында болуп жатат.
"Мындай маселелердин өнөктөштөрдүн, альянстын, Европанын ичинде Путинсиз талкууланышы кооптуу болушу мүмкүн", — деген Рютте.
Ал НАТО мамлекеттеринде Украинадагы кармашты соңуна чыгаруу боюнча (ар кыл вариантта) талкуулар жүрүп жатканын, ал ЖМКларда да болуп келе жатканын айткан.
"Бул биздин күчүбүз, аны менен кошо эле көйгөй да болуп эсептелет, себеби басылмаларда да талкууланып жатканын көрүүдөмүн. НАТОго мүчөлүк боюнча болуу да, макул эместик да бар, Украинанын бир катар бөлүгүнөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу деген нерсе да турат. Эгерде мен Кремлде турсам жана Владимир Путин болсом, "мен үчүн жакшы шартта кетип бара жатат, катышпай деле коем" демекмин", — деген Рютте.
Башкы катчы кармаштын чеги Чыгышка эмес, Батышка баратканын мойнуна алды.