БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Трамп Украинадагы согуштун токтошуна көзөмөл кылуу үчүн европалык аскерлердин аталган аймакка барышын каалай турганын айткан. Бул туурасында Wall Street Journal жазганын РИА Новости билдирди.
Мындай билдирүүнү Ак үйдүн болочоктогу башчысы Елисей сарайында Франция президенти Эммануэль Макрон жана Владимир Зеленский менен жолукканда, 7-декабрда, жасаган.
"Трамп Украинадагы согуштун токтошуна колдоо көрсөтүп, байкап туруу үчүн европалык аскерлердин аталган аймакта болушун каалайт. Ал макулдашууну штаттардын колдой турганын четке каккан жок, бирок АКШнын аскерлери катышпай турганын айтты", — деп жазылган макалада.
Гезиттин маалыматына караганда, жаңы шайланган президент ЕБ постсоветтик өлкөлөрдү коргоо жана колдоо боюнча маанилүү ролду ойношу керек деп эсептейт. Ал европалык өнөктөштөрүн Россияны согушту бүтүрүүгө аргасыз кылсын деген максатта Кытайга көбүрөөк таасир этүүгө түртүп жатат. Тагыраагы, Парижде тараптар Пекинге басым жасай турган рычагдарды талкуулаган. Мындан сырткары, Трамптын Макрон менен Зеленскийге Украинанын НАТОго киришин колдобой тургандыгын айтканы жазылып жүрөт.
"Бирок ал согуш аяктагандан кийин Украина күчтүү, куралданган бойдон калганын көргүсү келет", — деп жыйынтыктаган WSJ.
Трамп буга чейин эгерде ал Жозеф Байдендин ордунда АКШнын президенти болуп турганда украина чатагы башталмак эместигин айткан. Мындан сырткары, кайра шайланып калса, бул кризисти 24 саатта жөнгө салып коерун жар салган. Мындай билдирүүгө РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков түзүлгөн кырдаал алда канча татаал экенин, аны бир күндө чечип коюуга болбостугун айткан.