Өчүрүүгө аргасызбыз! Министрлик электр кубатын үнөмдөөгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кечээ жана мурдагы күнү өлкөдө электр энергияны колдонуу рекорддук чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, электр энергиясынын суткалык керектөөсү 78,931 миллион киловатт-саатка жетип рекорд жараткан. Буга чейинки рекорд 73,370 миллион киловатт чегинде былтыр 14-декабрда катталган.
"Учурда электрди ашыкча колдонгон аймактарда энергетиктер абоненттерди башка линияга которууда. Буга бир-эки сааттык убакыт талап кылынат. Бул учурда свет өчөт. Эгерде мындай чара көрүлбөсө, кымбат жабдуулар иштен чыгышы мүмкүн", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле Токтогул суу сактагычында жылытуу мезгилине карата 13,257 милиард куб метр суу топтолгон. Электр энергияны керектөөнүн кескин өсүшүнөн улам бүгүнкү күнгө бир миллиард куб метрден ашык суу иштетилип кеткен.
"Эгерде энергияны колдонуу ушундай темп менен кетсе, анда кышкы жылытуу мезгилинин бүтүшүнө чейин суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге чейин төмөндөшү ыктымал. Бул деген 2025-жылдын 1-апрелине карата Токтогулдагы суунун көлөмү 6,5-6,2 миллиард куб метрди түзүп, кооптуулукту жаратышы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам министрлик колдонуучуларды эртең менен жана кечинде электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырган.
Зардалы айылына электр жарыгы берилди. Сүрөт