Талаш жерлер теңме-тең бөлүндү. Президент такталган кыргыз-тажик чек арасы тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине берген маегинде билдирди.
Журналист кыргыз-тажик чек арасы чечилгени боюнча маалымдалганын айтып, комментарий берүүнү өтүнгөн. Өлкө башчы чек ара эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилгенин айтты.
"Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал өкмөттөр аралык комиссиялар ишин аяктаса тышкы иштер министрлери кол коюшарын, андан кийин парламенттерден ратификациядан кийин президенттер кол коюп маселеге чекит коюларын белгиледи.
Мындан тышкары, өлкө башчы өкмөттөр аралык комиссиялардын иши бүткөндөн кийин чек ара посттору ачыларын кошумчалаган.
"Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. Үч жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды", — деген мамлекет башчы.
Эске салсак, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилгени айтылган.
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасынын картографиясы январда ЖКга киргизилет