БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жетинчи жолу уюштурулуп жаткан "Мурас" турнири 14-15-декабрда "Газпром" спорткомплексинде өтөт. Бул тууралуу Кыргызс футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл турнирге 16 команда катышат.
Алар: "Президенттин командасы", "Жогорку Кеңеш", "Көзөмөл", "Аймактар", "Ден-соолук", "Коопсуздук", "Фемида", "Спорт чеберлери", "Журналистер", "Өнөр", "Билим", "Достук", "Динамо", "Ыйман", "Банктар жана бизнес", "Ноокат".
Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган "Мурас-Аймак" мелдешинин жеңүүчүсү Оштун "Ноокат" командасы "Мурас" турнирине жолдомо алып кошулду.
Мелдештин оюндарын УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдары түз алып берет.