БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Евразия өнүктүрүү банкы Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда Москвада Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги жана Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) "Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.
Көкөмерен дарыясында ГЭСтердин каскадын куруу 2035-жылга чейинки Улуттук энергетика программасына киргизилген жана анын жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватт (Токтогул ГЭСинин кубатуулугу — 1260 мегаватт) деп бааланууда.
"ЕАӨБ долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги каржылык өнөктөш болуп, меморандумга ылайык техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгат. Ошондой эле каржылык-экономикалык моделди баалап, социалдык жана экологиялык кесепеттерди талдоону, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик колдоо чараларын иштеп чыгууну караштырат", — деп жазылган маалыматта.
Бул долбоор ЕАӨБ тарабынан Борбордук Азиянын суу-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык программага киргизилгени кошумчаланды.