УКМК Бишкекте конференция уюштуруп жүргөн сектанттарды кармады

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкекте конференция уюштуруп жүргөн сектанттар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар "Кришна аң-сезиминин эл аралык коому" ("Харе Кришна кыймылы" деп да аталат) сектасынын жактоочулары.
"Жергиликтүү сектанттар чет өлкөлүк миссионерди тартып, өзүн өнүктүрүү боюнча психологиялык сессияларды уюштуруп келген. Анда медитация, мантрларды ырдоо, жашыруун диний ырым-жырымдар жүргүзүлгөн. Сектанын жактоочулары Бишкектеги мейманканалардын биринде 300гө жакын адам катышкан конференция уюштуруп, билеттерди 1000-3000 сомго чейин саткан", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага катышкандардын көбү уюштуруучулардын диний сектага катыштыгы бар экендигинен кабары болбогонун айтышкан. Жыйынтыгында уюштуруучулар 120 миң сомго айыпка жыгылганы белгиленди.
Атайын кызмат кыргызстандыктарды психологмун дегендердин курстарына жана коуч-тренингдерине катышууда кылдат болууга чакырды.
Милиция: Ошто диний экстремисттик кыймылдын лидери кармалды