Коргоо министринин жардамчысы пара алууга шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж. 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, ал акча бергендерди карьерасынан жогорулатып же кызматка дайындаган.
Коргоо министринин жардамчысы полковник О.У.Ж.
“Полковник май айында аскер комиссариатынын кызматкерин Бишкектин райондук комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган”, - деди атайын кызмат.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында полковник О.У.Ж. Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.
УКМК: мурдагы ӨКМ башчысы коррупцияга шектелип кармалды