Акыбек Жапаров: жасалма интеллект ЕАЭБ экономикасын өнүктүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү экономика менен биримдиктеги өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалма интеллектини активдүү пайдаланууну башташы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди.
Эскерте кетсек, ЕАЭБ премьерлери Москвада чогулган.
Өкмөт башчы дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн экномикасы азыр Кондратьев циклинин алтынчы толкунуна киришкенин айтты.
“Жаңы технологиялык тартиптин өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү үчүн бизге бардык интеллектуалдык жана адамдык дараметти бириктирип, натыйжалуу инновациялык жана инвестициялык саясатты калыптандыруу керек”, — деди Жапаров.
Кондратьев цикли — дүйнөлүк экономиканын көтөрүлүш жана төмөндөшүнүн катарынан алмашып турган мезгилин чагылдырат. Мындай циклдер 45-60 жылга созулат.
Мишустин: ЕАЭБде чекене товар жүгүртүү 2024-жылдын үч кварталында 8%га өстү