Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинага 500 млн. долларлык аскердик жардам берерин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Америка Украинага артиллериянын огунан жана биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулардан турган кошумча жардам карайт. Бул тууралуу айткан АКШнын мамлекеттин катчысы Энтони Блинкендин сөзү Мамдепарменттин сайтына жарыяланды.
Блинкен аталган жардам Пентагондун кампаларынан 500 миллион доллар көлөмүндө көрсөтүлөрүн билдирген.
"Буга пилотсуз учкан аппараттар, HIMARS жана артиллерия үчүн чыгарылган 155,105 миллиметрлик ок-дары кирген. Андан сырткары, катуу ылдамдыкта иштеген радиолокацияга каршы ракеталар, дрондор, минага каршы жана ылдам жүргөн тактикалык жеңил транспорттор, биологиялык, химиялык, өзөктүк кооптуулуктардан коргонуучу жабдуулар, Javelin системалары бар", — деп айтылган билдирүүдө.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун да бир нече ирет белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Салливан Киевге жүз миңдеген снаряд, сооттолгон техника убада кылды