14-декабрга карата аба ырайы

14-декабрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 9…14, Талас чөлкөмүндө 6…11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 6…11, Ысык-Көл жеринде 2…7, Нарын облусунда 0…-5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 10…12, Ош шаарында 8…10 градусту көрсөтөт.
Шашылыш билдирүү: дем алыштан тарта аба ырайы бузулуп, күн сууктайт