Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековду Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы менен сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.Кабарга ылайык, министрди мамлекет башчысы кабыл алып, эки элдин ортосундагы жалпы тарых, тил, маданият жана каада-салттар аркылуу байланышкан достукту чыңдоодо маданият маанилүү тармак экенин белгиледи.Президент Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында Кыргызстандын Маданият күндөрү өткөнүн, анда кыргыз-өзбек достугуна арналган гала-концерт, көргөзмөлөр жана кино көрсөтүүлөр уюштурулганын эске салды. Мамлекет башчысы 2025-жылга белгиленген Өзбекстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү эки элдин жакындыгын арттыруу үчүн маанилүү окуя болоруна ишенимин билдирди.
Евразия өнүктүрүү банкы Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын курууда негизги өнөктөш болду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 12-декабрда Москвада Экономика жана коммерция министрлиги, Энергетика министрлиги жана Евразия өнүктүрүү банкы "Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскады" долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Көкөмерен дарыясында ГЭСтердин каскадын куруу 2035-жылга чейинки Улуттук энергетика программасына киргизилген жана анын жалпы кубаттуулугу 1305 мегаватт деп бааланууда.Бул долбоор ЕАӨБ тарабынан Борбордук Азиянын суу-энергетикалык тармагын өнүктүрүү боюнча ири инвестициялык программага киргизилгени кошумчаланды.
Кыргызстанда юридикалык жардам көрсөтө турган jardam.kg сайты ишке киргизилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков маалымат жыйынында билдирди. “Сайтта ар бир жарандын укуктук маселелерине байланышкан суроолоруна жооп алуу үчүн мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Суроолордун категориясына жараша искусстволук интеллект тиешелүү маалыматтарды чыгарып берет. Анда кайрылуучунун андан аркы жасоочу кадамдары ирети менен көрсөтүлөт. Ошондой эле юристтердин профилиндеги адистерден кеп-кеңеш алууга да болот”, — деди Акжол Калбеков. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков бул сайт чет өлкөдө эмгектенген мигранттар үчүн ыңгайлуу экендигин белгиледи.
Бишкекте россиялык мекендештердин VIII Жаштар конференциясы болуп өттү. Иш-чарада быйылкы жылдагы иштердин жыйынтыгы жана алдыдагы актуалдуу маселелер, анын ичинде орус этномаданий мейкиндигин сактоо, орус тилин жана Россиянын билим берүү системасын колдоо боюнча суроолор талкууланды. Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев белгилегендей, 2024-жыл КМШда ыктыярчылык кыймылынын жылы деп жарыяланган.Кыргыз-Россия Славян университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков 2025-жылдын биринчи кварталында университетте Жаштар үйүн ачуу пландалып жатканын билдирди.