Кыргызстан 2025-жылы ЖККУга төрагалык кылат — кандай артыкчылык болот?

Sputnik
Кыргызстан 2025-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылат. Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздук болуп саналат.
Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору Токон Мамытов “Күн башат” программасында уюмдун региондогу коопсуздукту камсыздоодогу орду, машыгуулар, жаңы багыттары тууралуу пикири менен бөлүштү.