Акылбек Жапаров Москвада эмгек мигранттарынын маселесин көтөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эмгек мигранттарын тандалма текшерүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады.
КМШ мамлекеттеринин премьерлеринин жыйынында сүйлөп жатып өкмөт башчы миграция жаатында кызматташууну активдештирүү сунушун айткан.
"Эмгек миграциясы коопсуз, мыйзамдуу жана иреттүү болушу үчүн тандалма идентификациялык текшерүү механизмдерин биргелешип иштеп чыгуу маанилүү деп эсептейм. Ошондо ак ниет жана мыйзам чегинде иштеген эмгекчилер акыйкатсыздыктан, туура эмес мамиледен жана дискриминациядан жапа чекпейт", — деди Жапаров.
Анын айтымында, бул багытта достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, эмгек мигранттарынын укугун толук форматтуу коргоо боюнча жалпы аракеттерди улантуу зарыл.
"Ыңгайлуу болушу керек". Путин миграция мыйзамдары тууралуу айтты