"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин жаңыртып, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн кошумча кызматтарды кошуп жатат. Бул тууралуу Чынгыз Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тиркемени азыркы тапта 800 миңге жакын киши жүктөп алган, анын 500 миңден ашыгы активдүү колдонууда.
"2025-жылдын башында "Менин шаарым" мобилдик тиркемесине А жана Б чекити кызматын ишке киргизгени турабыз. Бул бүгүнкү күндө башка тиркемелерде бар. Жылдын башында тиркемени жаңылоо менен бирге кызматты пайдаланууга берүү үчүн учурда өз арабызда тестирлөөдөн өтүп жатат. Жаңы версиясында колдонуучулар коомдук транспорттордун кыймылын көзөмөлдөп гана тим болбостон, бара турган жерине кайсы автобустар менен жетсе болорун билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал жерде аялдамасына чейин так көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн көптөгөн кызматтар пайда болуп, суроо-талап күн сайын көбөйүүдө. Тиркеме шаардыктарга Бишкек шаарынын жашоо турмушундагы бардык маселелер боюнча кайрылууларын калтырууга, коомдук транспорттун жүрүшүнө онлайн режимде көз салууга, ошондой эле муниципалитеттин ишмердүүлүгү жөнүндө жаңылыктарды алууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, коммуналдык кызматтардын акысын тез жана коопсуз төлөй алышат", — деди Жумагулов.
Ал, мындан тышкары, тиркеме көрүүсү начар колдонуучуларга каттамдардын кыймылын билүүгө мүмкүндүк берген "Көрүүсү начарлар үчүн транспорт" функциясы менен да толукталгандыгын кошумчалады.