УКМК: мурдагы ӨКМ башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мурдагы чоң аткаминер коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү У.С.И. мурда ӨКМди жетектеп, парламенттин экс-депутаты жана Жалал-Абаддын мурдагы губернатору болгон.
"Ал 1995-1996-жылдары Балыкчыдагы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелүүдө. Учурда ал мүлктүн баасы 626 миллион сом экени айтылды", — деп жазылат кабарда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кеп Султан Урманаев тууралуу болуп жатат.
Бийликти басып алууга даярдык. Бишкекте дагы бир экс-прокурор кармалды