БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШнын Украинага россиялык "тоңдурулган" активдерден түшкөн кирешенин кепилдиги менен акча бөлүшү — кадимки эле уурулук. Мындай билдирүүнү РФ ТИМи жасаганын РИА Новости жазды.
"АКШнын Каржы министрлиги "тоңдурулган" активдерди иштетүүдөн түшкөн 20 миллиард доллар кирешенин кепилдиги менен Киев режимин колдоо үчүн насыя бөлгөнүн 10-декабрда жарыялады. G7 өлкөлөрү Россиянын эркин активдерин кадимкидей эле уурдоодо", — деп айтылат маалыматта.
Алар "Чоң жетилик" чоочун акчаларды уурдап, Батышта кармалган Россиянын эркин корун пайдаланууга кам көрүп жатканын айтышты. Ведомстводон Россиянын активдерин кымтып алуу АКШга жана анын камчысын чапкандарга пайда алып келбестигин эске салышты.
Мурдараак АКШнын аталган министрлиги Украинага "Чоң жетиликтин" жалпы кредитинен 50 милилард доллар бөлөрүн, бул акча Россиянын эркин активдеринен түшкөн каражаттан жабыларын айтышкан.
Украинада атайын операция башталгандан кийин "Чоң жетилик" жана Евробиримдик өлкөлөрү Россиянын 300 миллиард еврого жакын валюта корунун дээрлик жарымын тоңдурган. G7 өлкөлөрү Киевге жылдын аягына чейин Москванын тоңдурулган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен 50 миллиард доллар насыя берүү ниетин расмий ырасташкан.
G7нин финансы министрлери Киевге каралган 50 миллиард долларлык насыя 2024-жылдын декабрынан тарта 2027-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнүп берилерин айтты. Ал эми кредиттин негизги курамы менен пайыздары Россиянын тодурулган акчасынын эсебинен төлөнөт дешти.
Кезектеги билдирүүдөн кийин РФ ТИМи Батыштын бул кадамдары жоопсуз калбай тургандыгын дагы бир ирет эскертти.
"Россиянын өзүнүн юрисдикциясындагы Батыштын активдерин кайтарып алуу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөрү жана рычагдары бар, бул учурда алар РФтин аймактарында өнөр жай потенциалын түзүү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдонулат", — деп айтышкан ТИМден.
РФтин тоңдурулган 300 миллиард еврого чукул валюта резервдеринин 260 миллиарды Европа биримдигинин аймагында. Алар негизинен дүйнөдөгү эң ири бельгиялык Euroclear эсептик-клиринг системасынын эсебинде жатат. Батыш мамлекеттери бул байлыктарды камакка алып, Киевге өткөрүп берүүнүн жолун тынбай издеп келет. Кремль мындай чечимди кабыл алуу "эл аралык укуктун бардык нормаларын бузуунун дагы бир кадамы болот" деп билдирген. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эгер Россиянын тоңдурулган активдери конфискацияланса "аракеттерди көрө баштаарын" эскерткен.