Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстанда дааватка чектөө киргизилбейт, бирок тартипке салынат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча комиссиянын башчысы Азамат Юсупов билдирди.
Учурда Жогорку Кеңеште дин чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлору каралууда.
Юсупов баяндама жасап жатып төмөнкүлөрдү билдирди:
Мыйзам жазуунун алдында өлкөдөгү диний чөйрөгө 3 жыл бою мониторинг жүргүзүлүп, көптөгөн көйгөйлөр аныкталган
Диний билим берүүдө көзөмөлсүз негизде сабак берип жаткандар бар. Бул мамлекеттин ичинде мамлекет түзүлүү даражасына келип калган. Муфтиятты ислам багытындагы негизги орган катары тоготпой калган, ар бир жамаат өзүнүн көз карашына карата сабак берүүдө
Билими бары-жогу деле диний чечимдерди кабыл алып, соцтармактар аркылуу маалымат таратууда
2 жылда Сириядан 520 кыргызстандык кайтарылды. Анын басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар. Өлкөдөн кыздар чыгып кетип, 3-4 баласы менен кайтууда, ар бири ар башка улуттун баласы
Мамлекет дааватка каршы экен деген жаңылыш кептер айтылууда. Дааватка чектөө киргизилбейт, бирок тартипке салынат. Анткени азыр экстремисттик топтор дагы үймө-үй кыдырып өз идеологиясын таратып жүрөт
Бир үйдө атасы менен баласы сүйлөшпөй, бир туугандар бет карашпай калган учурлар бар. Анткени бирөө бир сектага кирип кеткен, башкасы салттуу динди карманат
Мыйзамда диний тартип маселеси каралган, динге чектөө жок.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорлоруна талкуусуз добуш берүүнү сунуштап, ал биринчи окууда жактырылды.
Өлкөдө мыйзамсыз иш алып барган миңден ашык диний мекеме аныкталды