БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кара-Суудагы "Тураталы" базарынын мыйзамсыз менчиктештирилген жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 4,93 гектар жер тилкеси мыйзамсыз сатылып кеткени аныкталган.
"Прокуратура сотко кайрылып, доо арыз канааттандырылды. Анын негизинде райондук прокуратура Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттигине кайрылып, жыйынтыгы менен базар баасы 890 миллион 985 миң 950 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.