Радио

Тойчуев: ички аба каттамдарынын көбөйүшү туризмдин өнүктүрөт

Туризм департаментинин укуктук камсыздоо жана маркетинг бөлүмүнүн башкы адиси Нургазы Тойчуев быйыл өлкөгө 8 айда 6 миллион 143 миң турист келгенин айтты.
Sputnik
Өлкөдө ички каттамдар жакшырып, бул туризмдин өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүүдө. Бул тууралуу Нургазы Тойчуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ыңгайлуу транспорт каражаттары — эс алуучулардын негизги талаптарынын бири.
"Өлкөдө ички аба каттамдарынын көбөйүп жатканы туризмге жакшы таасир берет. Эс алуучулар үчүн бир дубандан экинчи аймакка барганда ыңгайлуу жетишине шарт түзүлөт, убакытты үнөмдөйт. Ошондой эле чет өлкөлүк туристтерге дагы ыңгайлуулукту жаратат. Бизге чет элдик туристтер "Манас" аэропорту аркылуу келишет. Андан нары, мисалы, Караколго же Ошко ички каттамдагы учактар менен жетип алышат", — деди Тойчуев.
Ошондой эле ал быйыл кышкы туризмге 13-декабрда расмий старт берилерин кошумчалады.