Жапаров: Батыштын санкциялары экономикалык алакага терс таасирин тийгизүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Батыштын бир тараптуу санкциялары дүйнөдөгү экономикалык алакага терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу КМШнын өкмөт башчыларынын жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал аталган жыйын геосаясий абал чыңалып турган чакта өтүп жатканын белгилеп, эл аралык мамилелер системасында белгисиздиктин деңгээли өсүп жатканын айтты.
"Дүйнөлүк экономикалык алакага Батыштын бир тараптуу санкциялары терс таасирин тийгизүүдө. Дүйнөдөгү оор кырдаалга карабастан, КМШ ар тараптуу кызматташуу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, достук, ишеним жана өз ара колдоо мейкиндиги катары эсептелет", — деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров Москвада эмгек мигранттарынын маселесин көтөрдү