Министрлик: Бишкектеги абанын сапатын өлчөөчү датчиктер туура эмес иштеген

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Бишкектеги абанын сапат көрсөткүчүн жогору кылып көрсөткөн датчиктерди текшергенин ведомство билдирди.
1 / 3

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин инспекторлору Бишкектеги абанын сапат көрсөткүчүн жогору кылып көрсөткөн датчиктерди текшергенин ведомство билдирди

2 / 3

Адистер жабдуулардын тиешелүү сертификаттары жок экендигин аныктаган

3 / 3

Ошондой эле аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде орнотулгандыктан абанын сапаты тууралуу туура эмес маалымат бергендиги айтылды

Адистер жабдуулардын тиешелүү сертификаттары жок экендигин аныктаган. Ошондой эле аппараттар жабык, желдетилбеген жерлерде орнотулгандыктан абанын сапаты тууралуу туура эмес маалымат бергендиги айтылды.
Соңку жылдары борбор калаа кыш мезгилинде абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда. Ыш маселесин чечүү талабы көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. Абанын канчалык кирдегенин көрсөткөн датчиктер 2017-жылы орнотулган.
Канализациядан "фонтан" атылат. Депутат Бишкектин инфраструктурасы эскиргенин айтты