БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Кеңеши Москвада өткөн жыйындын соңу менен 2025-жылы Шериктештик өлкөлөрүнүн абадан кол салуудан коргой турган бирдиктүү системасын түзүүгө жана аны өнүктүрүүгө каражат бөлүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Документтерге кол коюу аземинде, мындан тышкары, КМШ мамлекеттеринин коргоо министрлер кеңешинин алдындагы абадан кол салуудан коргонуу боюнча координациялык комитеттин ишмердүүлүгүн камсыздоо да макулдашылган.
КМШ премьерлер Кеңешинин жыйыны Москвада РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин төрагалыгы менен өттү.