13-декабрга карата аба ырайы

13-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 13-декабрь жума күнү республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас аймагында +2...+7, Ош, Жалал-Абад Баткен жана Ысык-Көл облустарында -1...+4 градус болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр -3...-8 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +6…+8, Ош шаарында +1...+3 градус жылуу болот.
Министрлик: келерки жылы 50 кишинин бөйрөгүнө акысыз операция жасалат