«Стоп кадр» уктуруусунда бул жолу үй-бүлө баалуулуктарын даңазалаган «Камкор» тасмасы тууралуу сөз кылдык. Тасмада ата менен кыздын мамилеси чагылдырылган. Тасманын продюсери Расулбек Бектемировдун айтымында, экран аркылуу үй-бүлөнүн маанилүүлүгүн көбүрөөк көрүүчүлөргө жеткириш керек. Ал бул кинодон кийин ажырашам деген жаштар бир аз да болсо ойлонуп, үй-бүлөнү бузуу оңой, куруу кыйын экенин түшүндүргүсү келгенин кошумчалады.