Министрлер кабинетинин токтому менен ушул жылдын 1-октябрынан тартып цементти импорттого убактылуу мораторий киргизилди. Максаты ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана өлкөнүн ички рыногун коргоо болуп саналат. Цемент социалдык мааниге ээ болгон товарлардан болгондуктан Антимонополия кызматы мониторинг жүргүзүп турат. Ага ылайык, өлкөнүн базарларында 50 килограмм цемент 402 сомдон сатылып, баанын көтөрүлгөнү байкалган жок. Эң кымбат баа Кара-Колдо (1 мүшөгү 455 сом) ал эми арзаны Жалал-Абадда ( 1 мүшөгү 355 сом) болууда.
Цементтин баасы региондун жайгашкан жеринен да көз каранды. Өлкөдөгү заводдор үч жылдан бери цементке болгон бааны көтөрбөгөнүн Sputnik Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” берүүсүндө кеп кылдык.