Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга сегиз депутат кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда белгилүү болду. Бүгүн түзүлгөн комиссиянын курамындагы депутат Азамат Исраиловдун ордуна Жанар Акаев киргизилди. Ошону менен депутаттык комиссияга Аккулу Бердиев, Бактыбек Марипов, Жанар Акаев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу, Айбек Маткеримов кирди. Эми өкмөт түзгөн ведомстволор аралык комиссия гимндин үч вариантын даярдап, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Депутаттар алардын ичинен мыкты делгенин тандайт. Кечээ Исхак Масалиев адилеттүүлүк болушу үчүн гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга детутаттар кошулбай эле койсо деген сунуш берген. Анын айтымында, эл өкүлдөрү комиссияда болсо добуш берүүдө калыс болбой калышы ыктымал.
"Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин жаңыртып, шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн кошумча кызматтарды кошуп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Чынгыз Жумагулов билдирди. Анын айтымында, тиркемени азыркы тапта 800 миңге жакын киши жүктөп алган, анын 500 миңден ашыгы активдүү колдонууда. "Жылдын башында тиркемени жаңылоо менен бирге кызматты пайдаланууга берүү үчүн учурда тестирлөөдөн өтүп жатат. Жаңы версиясында колдонуучулар коомдук транспорттордун кыймылын көзөмөлдөп гана тим болбостон, бара турган жерине кайсы автобустар менен жетсе болорун билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Жумагулов. Ал, мындан тышкары, тиркеме көрүүсү начар колдонуучуларга каттамдардын кыймылын билүүгө мүмкүндүк берген "Көрүүсү начарлар үчүн транспорт" функциясы менен да толукталгандыгын кошумчалады.
Кара-Суу районунда аялы менен кайненесин таяк менен сабаган киши жети суткага камакка алынды. Бул тууралуу Ош ОИИБден кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30-ноябрда 64 жаштагы аял күйөө баласы токмоктогонун айтып милицияга арыз жазган. Бул боюнча райондук сот кишини жети суткага камакка алган. Мындан тышкары, 2-декабрда анын 24 жаштагы аялы дагы арыз жазып, күйөөсү аны таяк менен сабаганын, ал аз келгенсип өзүнө болушкан апасын дагы таяк менен токмоктогонун айтып милицияга кайрылган. Ички иштер башкармалыгы экспертизалар дайындалганын билдирди. Учурда аялга коргоо ордери берилип, 35 жаштагы жолдошуна кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
АКШнын Украинага россиялык "тоңдурулган" активдерден түшкөн кирешенин кепилдиги менен акча бөлүшү — кадимки эле уурулук. Мындай билдирүүнү Россиянын ТИМи жасаганын РИА Новости жазды. "АКШнын Каржы министрлиги "тоңдурулган" активдерди иштетүүдөн түшкөн 20 миллиард доллар кирешенин кепилдиги менен Киев режимин колдоо үчүн насыя бөлгөнүн 10-декабрда жарыялады. "Чон жети" өлкөлөрү Россиянын эркин активдерин кадимкидей эле уурдоодо", — деп айтылат маалыматта. Мурдараак АКШнын аталган министрлиги Украинага "Чоң жетиликтин" жалпы кредитинен 50 милилард доллар бөлөрүн, бул акча Россиянын эркин активдеринен түшкөн каражаттан жабыларын айтышкан.