БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстанда 50 кишинин бөйрөгүнө акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, быйыл Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 20 кишинин бөйрөгү алмаштырылып, жыл этегине чейин дагы экөө пландалууда.
Буга чейин Садыр Жапаров муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасап берүүнү тапшырган.