БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Европа өлкөлөрүнө түз авиакаттамдарды ачуу үчүн эки чоң учак сатып алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Каракол" аэропортунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөнү “кара тизмеден” чыгаруу үчүн аракеттер көрүлүп, буга чейин аталган көйгөйгө мынчалык олуттуу маани берилген эмес.
"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 2007-жылы авиация тармагыбыз дүйнөлүк талаптарга жооп бере албагандыктан Евробиримдиктин аймагына учууга тыюу салынган. “Кара тизмеге” киргенбиз. Ошондон бери Европага авиакаттамдар түз уча албай, элибиз үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуп барып-келип жүрөт. Азыр эми биз эл аралык уюм тарабынан текшерилип, эки аудиттен ийгиликтүү өттүк. Бул биздин авиация тармагыбыздын эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилгенинен кабар берет”, — деди Жапаров.
Ошондой эле ал 2025-жылдын башында Еврокомиссиядан дагы бир аудит жүргүзүү үчүн адистер келип, текшерүүдөн ийгиликтүү өтсө, өлкөнүн авикомпанияларына Европага түз авиакаттам ачууга мүмкүндүк берилерин белгиледи.
“Европа өлкөлөрүнө түз авиакаттамдарды ачуу үчүн дагы эки чоң учак сатып алалы деп турабыз. Бул жүргүнчүлөрдүн учуу убактысын кыскартып, ыңгайлуулукту шарттайт”, — деди өлкө башчы.
Эске салсак, Каракол аэропортунун учуп-конуу тилкеси узартылып, жаңы аэровокзал комплекси салынган. Объект саатына 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Аэропорттун жалпы аянты 8 миң чарчы метрди түзөт.