БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мамлекеттин менчигине өткөн "Айданфарма" заводунда таблетка, капсуланын 120 түрүн, майдын 20 түрүн, сироп жана суспензиялардын 10 түрүн чыгарууга даярдык көрүлүп жатканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Бул дарылардын ичинде азитромицин, амброксол, ибупрофен, омепразол, ацикловир, каптоприл, кетопрофен, кетотифен сыяктуу препараттар бар.
Заводдун директору Өмүрбек Асанов чыгарыла турчу дарылар Дары-дармек жана медициналык техника департаментине каттоого берилгенин айткан.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга дары-дармектин 90 пайыздан ашыгы сырттан келерин айтып, препараттарды өлкөдө өндүрүп баштоо керектигин заводдун иши менен таанышуу учурунда билдирген эле.