Кичинекей кызын чыбык менен сабаган киши тил каттын негизинде бошотулган

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда кызын чыбык менен сабаган киши эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Белгилей кетсек, соцтармакта өз атасы беш жашар кызын сабап жаткан видео тараган. Анда кыздын апасы милицияга кайрылып, окуя 14-ноябрда болгонун, соцтармактарга 3-декабрда таркап кеткенин айткан.
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кыздан, анын апасы жана бир туугандарынан кабар алды. Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичип келип, секелек кызды чыбык менен чаап, видеого тартып, сыртка качып кеткен апасына жөнөткөн.

“Кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы жаран “Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” беренеси менен кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде 5-декабрь күнү 41 жаштагы К.Т. эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган”, — деп жазылган маалыматта.

Акыйкатчы балдарга карата жасалган кылмыш оорлоштурулган болуп саналарын эске салып, мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырган.
Сузактагы бала бакчада бөбөктөр сабалган окуя боюнча иш козголду