БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасынын такталган картографиясы Жогорку Кеңешке макулдашууга январдын аягына чейин киргизилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, карта учурда чийилип жатат, ал эми өзү эки күндөн кийин Тажикстанга барат.
“Картографияны январдын аягына чейин алып келебиз. Баары ачык болот. Ар бир үй, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Чек ара маселеси тажик тарап менен достук келишими, макулдашуу менен чечилди”, — деди УКМК төрагасы.
Эскерте кетсек, 4-декабрда Баткенде чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушкан. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасы толугу менен аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.