БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте бычак менен куралданган беткапчандар адамдарды тоноп кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга саат 17:00 чамасында Чокморов көчөсүндө белгисиз адамдар мушташып жатканы боюнча маалымат түшкөн.
“Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Кол салгандар Ford Focus автоунаасы менен качып кеткени аныкталды. Маалыматтар боюнча алар акча каражатын тоноп кетишкен, жабыркагандар бар”, — деп жазылган маалыматта.
АКИpress агенттиги бөлүшкөн видеого караганда, кылмышкерлер экөө болгон. Аларга каршылык көрсөтүлүп, бирок кийин шериктери жардамга келгенин көрүүгө болот.
"Перехват" планы жарыяланып, борбордук милициянын өздүк курамына багыттамалар берилгени кошумчаланды.
Укук коргоо органдарындагы маалымат булактар кол салуу акча алмаштыруу жайынын кызматкерлерине жасалганын билдиришти. Алардын 31 миллион рублден ашык акчасы тонолгону айтылды. Жабыркагандар — Кыргызстандын жарандары. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар долларды рублге алмаштырган.
Ишти ИИМдин жетекчилиги көзөмөлүнө алганы белгилүү болду.