Бийликти басып алууга даярдык. Бишкекте дагы бир экс-прокурор кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте Башкы прокуратуранын Жеке коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын У.А. аттуу мурдагы улук прокурору кармалганын Sputnik агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактары кабарлады.
Экс-прокурорду ИИМ кызматкерлери колго түшүргөн. Алдын ала маалымат боюнча У.А. 17-ноябрда бийликти күч менен басып алууга даярдык боюнча козголгон иштин алкагында шектүү катары кармалган. Учурда массалык башаламандыкка, уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө же ага катышууга, ошондой эле бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө айыпталып жатат.
Буга чейин аталган иш боюнча башкы прокурордун орун басары Кубаны Адыл уулу баш болгон бир катар адамдар кармалган болчу. Тергөөнүн берген маалыматы боюнча алар Бишкетин жака-белинде спорт оюндарын өткөрүп, анын жүрүшүндө элди зомбулук актыларына үндөп, антиконституциялык чакырык салып, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө (17-ноябрда) бийликти күч менен басып алуу максаты менен абалды туруксуздаштырууну пландашкан.
Биринчи май райондук сотунун чечими менен У.А. 9-январга чейин камакта болот.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кармалды