БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ал 12-13-декабрда КМШнын жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.
"Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык кызматташуу, маданий-гуманитардык байланыш жана башка маселелер талкууланат" — деп айтылат маалыматта.