12-декабрга карата аба ырайы

Түнкүсүн абанын табы өлкө аймагында -10…-23 градуска чейин төмөндөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Тоолуу аймактарда жолдор тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Таласта -4…+1, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0…+5, Ысык-Көлдө 0…-5, Нарын жергесинде -2…-7 градус суук болот.
Борбор калаада 0…-2 суук болсо, Ош шаарында +2…+4 градус жылуу болот.
Декабрда күн суугураак болобу? Бир айга жасалган божомол